www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Элим эмнени көрсө мен да ошол сүрмө топтун арасындагы аласын да чолосун да бирге көрдүм". Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Саламат Садыкова Фейсбук баракчасына жазды.

"Бакыт канаты талыбас куш сымалы дешет.. Камчынын сабындай өмүрдүн өрүндө өкүнбөймүн, тирүү адам болгон соң, барды жокту, акты көктү бөлүштүм..Ооба элим эмнени көрсө мен да ошол сүрмө топтун арасындагы аласын да чолосун да бирге көрдүм. Мейли тагдыр мени өкчөдүң, калчадың билгендер билер баркымды, билбестерге таарынбаймын... Даанышман элибиздин арасында аман жүрсөк жараткандын өзүнө гана аян! Атам Момун Энем Мариянын улуу махабатынан жаралган жарык күндү көрүүгө келген өмүрүм үчүн ыраазымын. Баарына, баарына чексиз ыраазымын! 28.09.2020. Эң башкысы балдарым неберелеримдин өмүрүн бер жараткан. I am very happy!" , - деп жазган Саламат Садыкова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости