www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Де-факто” гезитине чыккан “Академик Мурат Жуматаев илимдер академиясын өнүктүрөбү же илим-билимди “иритип” бүтүрөбү?” деген материалда бир топ каталар, жалган маалыматтар кеткен. Маселен, профессор Төлөбек Абдрахманов Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү болуп шайланган. Ал тууралуу “шайланган эмес” деген калпыс маалымат берилген.

Белгилүү философтор Аскар Бекбоев менен Жамгырбек Бөкөшев атаандаш болуп, экөө тең жетиштүү добуш алышкан жок. Ошон үчүн “философия” адистигине берилген орун “күйүп” кеткен. Ушул коомдук илимдер бөлүмүндө өткөн шайлоого ошол бөлүмдө жашыруун добуш берген академик, корреспондент-мүчөлөр гана жооп берет, себеби добушту ошолор берген.

Алар үчүн башка эч ким жооп бере албайт. Коомдук илимдер бөлүмүндө профессор Лайли Үкүбаева 3 добуш алган. Мунун баардыгы документалдуу түрдө тастыкталып турат.

Шайлоонун жүрүшү видеого тартылган, эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес. Физика-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык бөлүм, химия-технологиялык, медицинабиологиялык жана айыл чарба бөлүм, коомдук бөлүмдөгү шайлоону бөлүм башчылары өткөргөн, алар баардыгына жооп берет.

Роман Оморович Оморов бөлүмдө болгону 2 добуш алса, эмне үчүн президиум же президент күнөөлүү болуш керек? Шайлоо тууралуу жободо шайлоо жөнүндө чечимдер коллегиалдуу кабыл алына тургандыгы жазылган, ал жерде “президент жооп берет” деп жазылган эмес. Шайлоого 127 талапкер катышып, жыйынтыгы боюнча 35 корреспондент-мүчө, 14 академик шайланган.

Ошонун баардыгы “мыйзамсыз” же “татыксыз шайланды” деп айтканга эч кимдин акысы жок. Бир талапкер арызданып жүрөт. Шайлоодо баардыгы мыйзам чегинде болгон. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын эң жогорку бийлиги болгон жалпы жыйында шайлоо “мыйзамдуу өттү” деп чечим кабыл алган. Муну далилдештин зарылдыгы жок.

Булак: Азия News гезити

Последние новости