www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ өзүн жакшы жагынан көрсөткүсү келет, бирок бир эле Украинадагы кырдаалда жети "күнөө" кетирди. Бул тууралуу Кытайдын Global Times гезити жазганын РИА Новости билдирди.

Макаланын автору Вашингтон кансыз согуш менталитетинин жактоочусу бойдон калды, бул глобалдык ажырымды курчутат деп эсептейт.

"НАТО өз аянтын чыгыш тарапка беш жолу кеңейтти. Альянс коопсуздук мейкиндигине тынымсыз кадам таштап жатканын көргөн Россия башка өлкөлөр сыяктуу эле жарга такалып калуудан кооптонбой койгон жок. Бул жагынан караганда Россия менен Украинанын ортосундагы жаңжал кансыз согуш менталитети европа континентине жайылып кеткени жан кейитерлик мисал", — деп жазылган макалада.

Автор Ак үйдүн аракеттери геосаясий оюнчулардын нааразычылыгын жаратып, бул дүйнөдөгү тынчтыкка бүлүк салат деп белгилеген. Тагыраак айтканда, ал Американын Европаны өзү менен кошо жетелеп алуу аракетин жемелеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости