www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ухандан алып келинип ооруканада жаткан 18 студенттин бириненда коронавирустун белгилери байкалган жок. Бул тууралуу жергиликтүү басылсмаларга саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков маек берип жатып билдирди.
Анын айтымына караганда, "Алар азыр ошол эле Бишкектин четиндеги ооруканада. Эч кимиси ооруган жок, абалдары жакшы. Жакынкы күндөрү атайын комиссия аларды карап чыгып, чечим кабыл алат", — деп билдирди Исаков.
Белгилей кетсек, Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон тумоонун жайылышынан улам, ал өлкөдө окууган 18 кыргызстандык студент 2-февраль күнү атайын борт менен Нур-Султан шаары аркылуу Бишкекке алынып келинген. Аэропорттордон тиешелүү текшерүүдөн өткөн соң Бишкектин чет жакасындагы оорукананын атайын каралган бөлүмүнө жаткырылган. Учурда дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө.
Эске салсак, , коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 20 000ге жетип, анын ичинен 425 киши каза тапты. Мындан сырткары, аталган вирус 20 өлкөгө тарап кетти.
Булак:NazarNews.kg