www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки жаштагы ур-токмоктон чарчап калган баланын атасы Россиядан келип, баланын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши токтотулушун тергөө органынан сурады. Бул тууралуу NazarNews.kgге Жалал-Абад ОИИББи билдирди.
Эскерте кетсек, Сузак районунда эки жаштагы бала сабалып, каза тапкан. 27-январда болжол менен саат 13:00дө Октябрь айылында ооруканага денеси көк-ала болуп, 2017-жылы туулган баланын сөөгү түшкөн.
Белгилүү болгондой, каза болгон баланын атасы Россияда иштейт, ал эми апасы 2019-жылы каза болуп калган. Эки жаштагы баланы атасы бир тууган агасынын үйүнө таштап кеткен. Кылмышка шектүү катары ошол бир тууганынын келинчеги Д. А. суракка алынган.
“Баланын атасы арыз жазган жок. Баланы жеңеси ур-токмокко алышы мүмкүн эместигин айтып, кылмыш иштин жабылышын сурады. Бирок факты боюнча кылмыш иши улантыла берет. Учурда факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Денесине оор залал келтирүү” беренеси боюнча катталган. Соттук экспертиза дайындалды”,- деп ОИИББден маалымдашты.
Булак: NazarNews.kg