www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо менен карантиндөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Н.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт. Буга чейин УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүүнүн жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, натыйжада айыл чарба азыктарын экспорттоодо жасалма тоскоолдук жараткан топ аныкталган.
"Мындай аракеттердин жыйынтыгында өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болгон. Тергөөнүн алкагында кылмышка тиешеси бар делип Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.
УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ишин улантууда.
Булак: NazarNews.kg