www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнүн жанында жери болгонун тастыктады. Маалыматка ылайык, Атамбаев президент учурунда аны кайтарыш үчүн ал жер УКМКнын 9-кызматына берилип, бирок кийин сатылган. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай деди: Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

- Ал жерлер 1980-жылдары дача иретинде УКМКга берилген. Ал участоктор 2011-жылы УКМКныкы экени документтештирилген. 2017-жылы май айында президентти кайтаруу максатында 9-кызматына кайтарылып берилген. Андан кийин ал жер эч кимге керексиз болуп калгандан кийин жеке жактарга сатылган.

УКМКнын өкүлү мекемеге тийиштүү жер Атамбаев президент болбой калгандан кийин сатылганын кошумчалады.

Буга чейин “Клооп” интернет-сайты ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев аталган айылдан жер сатып алгандан эки жылдан кийин ошол аймактан УКМКга жер бөлүнүп берилгенин жазып чыккан.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылынан 2 гектардан ашык жер сатып алып там салып жатканы 2016-жылы белгилүү болгон. Атамбаевдин там салышы коомчулукта кызуу талкууга жем таштап, оппозициянын кескин сынына кабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости