www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Көк-Сай айыл аймагында ылдамдыгы секундасына болжол менен 15-20 метрге чейин жеткен катуу шамал катталды. 8-июнда саат 10:00 — 11:00 чамасындагы шамал А.Токтокожоев атындагы орто мектептин имаратынын чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Чындык сайтына билдирген.

Бул боюнча Көк-Сай айылынын тургундары мектептин чатырына делген стимгранттан бөлүнгөн акчалар орунсуз жумшалып, сол чөнтөккө кетип калганын билдирүүдө. Эгерде атайын мектептин чатырына делген акча орду менен жумшалганда мектептин чатыры сапаттуу жабылып, мындай окуя орун алмак эмес экенин айтышууда.

Мектептин чатырын жабууда колдонулбай турган материалдарды колдонуп, эптеп эле жаап койгону эми далилденип жатат дейт айыл тургундары. Алардын айтымында: «Терек курулушка колдонулбайт. Тирөөч, чатырды жапкан профнастил курулуш нормасына келишпейт, калыңдыгы жана профил бийиктиги. Стропила, рейкаларды орнотууда алардын аралыгы нормадан жогору. Конструкциялар анкердик болт менен бекиген эмес»

Мына ушундай алешемдикердин айынан мектептин чатыры шамалга туруштук бере албай учуп кеткени ачыкталып калды. Андыктан күч түзүмдөрү бул окуя боюнча дыкаат иликтөө жүргүзүп, бөлүнгөн акча каражатын орунсуз жумшап, сол чөнтөккө сологондорду жазага тартуусу абзел.

Белгилей кетсек, бул курулуш иштери 2014-жылы ишке ашкан. Андыктан ошол учурдагы бул курулушка тиешелүү жетекчилик жана курулуш ишин мойнуна алган «подрядчиктер» жоопко тартылышы керек. Бул чуулгандуу окуя боюнча Көк-Сай айылдык кеңешинин депутаттары прокуратурага арыз менен кайрылганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости