www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго, 2016-жылы 16-мартта жалган жалаа менен жоопко тартылган Дастан Сарыгулов доо арыз менен кайрылган. Бул тууралуу маалыматты толугу менен мурдагы маалымат катчы кеңири айтып берди.
Жазылган арызда, “менин кадырыма, абийриме, ден соолугума доо кетиргендиги үчүн, УКМКнын ошол мезгилдеги тергөөчүлөрүнө, жалган маалымат тараткан жергиликтүү айрым ММКларды сот жообуна тартып берүүңүздөрдү суранабыз”, - деп жазылган.
Эске сала кетсек, Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп, энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков 20 жылга Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду 12 жылга, эркинен ажыратылган. Мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.
Буга чейин соттолгондордун бири Дастан Сарыгулов президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жолдоп, өздөрүнө тагылган айып боюнча көз карандысыз комиссия түзүүнү суранган.
Булак: NazarNews.kg