www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда 2 миң 200 жылдай мурда саясий кызматташтыкты түзгөн император Чин Шыхуангдын биздин эрага чейинки 259 – 210 – жылдарда курган «Ылайдан жасалган аскерлери» кылымдардан бери турат.

Өлкөнүн Шанши аймагына караштуу Шиан шаарынын Линтонг аймагында 1974 -  жылы бир дыйкан тарабынан табылган жана ЮНЕСКО тарабынан 1987-  жылы дүйнөлүк мурастар тизмесине алынып дүйнөнүн 8 -  керемети катары кабыл алынган ылайдан жасалган аскерлер кылымдардан бери Кытай императорун коргоп келет.

Кытайда өкүмдүк кылган мезгилде жалпы өлкөдө феодалдык бийликтерди жеңип, жазуу, өлчөмдө жана укук системасында биримдикти түзгөн жана борбордук башкарууга караштуу аймак жана шаарлар сыяктуу бир башкаруу системасын жүргүзүү менен билинет.

Ошондуктан душмандарынын өлүмүнөн кийин да артынан калбай тургандыгын жана өлүмдөн кийинки турмушунда колдонушум мүмкүн деген ишеничте болгон өкүмдар Чин Шыхуангдын бул армияны өзүн коргошу үчүн жасаткандыгы белгиленүүдө.

Император Чиндин ылайдан жасалган аскерлери, жаачылар, жогорку чиндүү аскерлер, генералдары менен толугу менен камсыздалган армиянын көрүнүшүнө ээ.

Археологиялык казуулардан чыгарылган ылайдан жасалган аскерлер, император Чиндин өлүмүнөн кийин көмүлө турган мавзолейин коргой турган абалга алып келинген.

Бетинин формасы, түсү, чачы, муруту, сакалынын узундугу жана кулактарынын чоңдугуна чейин бири биринен айырмаланып жасалган аскерлердин салмагы 150 – 300 килограммдын ортосунда өзгөрөт.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости