www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экономикалык аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында мыйзамсыз ташылып келген тамеки продукциясынын каналына бөгөт койду.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 23-июнунда Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү ("Экономикалык аткезчилик") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарында жана Чүй облусунда текшерүү жүргүзүлгөн.

Тергөө учурунда техникалык тейлөө станциясы катары жашырылып колдонулган кампалар аныкталып, ал жерден мыйзам талаптарына жооп бербеген жана өлкөдө сатууга тыюу салынган тамеки продукциясы табылган.

Оперативдик-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында аткезчилик каналын уюштурган деп шектелген Кыргызстандын жараны «Щ.Р.А.» кармалган.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган жүктүн жалпы баасы 30 миллион сомдон ашат.

Учурда аталган мыйзамсыз каналга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.

Последние новости