www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 66 жаштагы аял арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн мамлекеттик органдардын жана улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери катары тааныштырып, анын банктык эсептерин текшерүү жана мүлкүн сактоо керектигине ынандырышкан.
Алардын таасири менен ал батирин сатып, андан түшкөн 60 миң доллар (4 млн 915 миң 800 сом) каражатты төлөм терминалдары аркылуу алдамчылар көрсөткөн банктык эсептерге которгон.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 2005-жылы туулган А.К. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.