www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду опузалоо тууралуу адвокат Нурбек Токтакуновдун айткандары чындыкка кошпойт. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлү Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, Исаковдун иши мыйзам чегинде тергелүүдө жана ага эч кандай басым, мыйзамсыз сунуш болгон жок.
“Токтакуновдун бул билдирүүсүн кезектеги жеңил пиар аракети катары баалайбыз”, - деди УКМКнын расмий өкүлү.
Буга чейин мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын тергөөчүсү опузалап жатканы тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирген. Ал атайын кызматтын өкүлдөрү Исаковго адвокат Токтакунов менен иштешүүдөн баш тартууну сунуш кылып, андай болбосо мурдагы премьерге жаңы кылмыш ишин ачарын айтып коркутканын айткан.
Булак: NazarNews.kg