www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ноокат районунда өзгөчө оор факты — үй-бүлөсүнөн ажал тапкан жаш кыздын өлүмү иликтенип жатат деп жазат Турмуш басылмасы.
Бүгүн, 17-июлда Ош шаарында журналисттер үчүн өткөрүлгөн маалымат жыйында Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Оролбек Акпаров ушул жана башка оор кылмыштар тууралуу айтып берди.
«Жакын арада эле болгон оор кылмыш боюнча айтсам, Ноокат районунда резонанс жараткан кылмыш катталды. Жаш кыз 1 ай мурун жоголгон эле. Кийин анын жансыз денеси табылып, ыкчам топтун тергөө иштеринин натыйжасында өзүнүн апасы менен бир тууган агасы шектүү катары кармалды. Алар 1 ай мурун кызын өлтүрүп, денесин сууга таштап жиберишкен. Бул жакынкы арадагы кылмыш.
Андан мурун Кара-Суу районунда адам өлтүрүү фактысы катталган. Жергиликтүү тургунду аялы менен баласы өлтүрүп, үйүнүн короосуна көмүп койгон.
Андан башка адам өлтүрүү боюнча ачылбай калган кылмыш иши учурда жокко эсе», - деди О.Акпаров.
Өздүк булактардан алынган маалыматка караганда, ноокаттык кыз турмушка чыга электе көз жарып, баласын башка адамга берген. Ага арданган апасы менен агасы кыздын бутун байлап, суу сактагычка ыргытышкан.
Булак: NazarNews.kg