www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кампадан "Ф-1" кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылган.
"Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат билдирүүдө.
Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөң.
Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Булак: NazarNews.kg