www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК «Кыргызиндустриянын» жооптуу кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Аталган коом 2021-жылы түзүлгөн жана 2022-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттен 2,3 миллиард сом бөлүнгөн.
«Кыргызиндустрия» ААКнын кызмат адамдары туунду компаниялар аркылуу туруктуу коррупциялык схема түзүшкөн. 2022-жылдан 2024-жылга чейин «Кыргызиндустрия» ААК тарабынан 40тан ашык чыгашалуу ишканалар түзүлгөн жана каржыланган, аларга бөлүнгөн финансылык салымдар кайтарылгыс болуп калган. Андан сырткары компаниянын түзүмүндө 75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи. Алардын эмгек акылары жогору болгон. Аталган кызматтарга туугандарын, досторун жана жакын санаалаштарын дайындашканы комплекстүү текшерүүдө аныкталган.
Бүгүнкү күндө «Кыргызиндустрия» ААКнын мурдагы президенти жана вице-президенти кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.