www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 25-январында «Ала-Арча» табигый паркында асма жолунун курулушуна старт берилди. Бул Кыргызстан үчүн маанилүү окуяга Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышып, бул долбоордун экотуризмди өнүктүрүү жана өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Асма жолдун курулушу — бул биздин мамлекеттин туристтик жактан кызыкчылыгын жакшыртууга багытталган стратегиянын маанилүү кадам. Президенттин тапшырмасы менен биз өлкөбүзгө келген коноктор үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана экотуризмдин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иштеп жатабыз», — деди Каныбек Туманбаев.

Алдыдагы иштердин өзгөчөлүктөрүнүн бири — экологиялык таза технологияларды колдонуу. Табигый паркка унаалардын кирүүсү катуу чектелет. Коноктор үчүн азыркы учурда 2000 орундуу унаа токтотуучу жай курулууда, ошондой эле парктын аймагында жүрүү үчүн электромобилдер колдонулат, бул табигатка болгон терс көйгөйлөрдү алдын алып, эс алуучулар үчүн экологиялык жактан таза шарттарды түзүүгө жардам берет.

Асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Биринчи этапта 1 чакырым жерге куруу пландалууда. Экинчи этап боюнча маалымат алдыда берилет. 

Бул долбоор Кыргызстандагы эң кооз жерлерге жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, «Ала-Арча» паркынын уникалдуу табигый ресурстарын сактоого көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, паркта туристтер үчүн бир нече мейманканалар курулат. 

Ала-Арча жаратылыш паркында эс алуу үчүн атайын жайлардын курулушу аяктады, ошондой эле транспорттук инфраструктураны жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү: эски жол толук асфальтталып, жаңы жарык берүүчү жабдуулар орнотулду, ал эми мейманканаларда капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, «Тёплые Ключи» ден соолукту чыңдоо борборунда толук капиталдык ремонт иштери жүргүзүлдү, анын ичинде бассейн оңдолуп, коттедждер менен медициналык бөлмөлөр толук жаңыланды. Мындан тышкары, ден соолукту чыңдоо борборунун базасында террасасы менен ресторан курулду, ал конокторго кооз жаратылыштын коюнунда ыңгайлуу эс алуу шарттарын сунуштайт. Белгилей кетүүчү нерсе, «Тёплые Ключи» ден соолукту чыңдоо борбору «Ала-Арча» табигый паркына караштуу.

Последние новости