www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте ички иштер министринин мурдагы орун басарлары Мирлан Каниметов менен Алмаз Орозалиевге жана УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Талант Салиевге мыйзамсыз генерал-майор наамы берилген деген маалымат тарады.

Алдын ала маалыматка караганда, тиешелүү буйруктарга экс-президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Документтерде 14-октябрда кол коюлганы айтылат, бирок буйруктар 16-октябрда гана жарыяланган. Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда отставкага кеткен.

NazarNews агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан аталган факт текшерилип жатканын айтышты.

А.Орозалиев ээлеген кызматынан 2020-жылы 21-октябрда бошотулган. Ал эми М.Каниметов ушул жылы 3-апрелде кызматын бошоткон.

Т.Салиев болсо 2020-жылы 16-октябрда кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости