www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев мандатын тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Ички иштер министрлигинин мурунку башчысы Зарылбек Рысалиев 2017-жылы саясатчы Өмүрбек Бабановдун ордуна «Республика-Ата Журт» партиясынан депутат болуп келген.

Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиевдин крим төбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулгандыгы боюнча соттуулугу бар. Мыйзам боюнча ал Жогорку Кеңеште депутат болуп отура албайт.

Бош орунга Өскөнбай Жээнбаев келет. Анын дүң соода менен алектенген бизнесмен экендиги айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости