www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кабул: мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адам мерт болду

Ооганстандын борбору Кабулдагы мечиттеги жардыруудан кеминде 12 адамдын өмүрү кыйылды. Шаардык полициянын маалыматына ылайык, мечитте жума намазы окулуп жатканда бомба жарылган. Андан кеминде 15тей адам жараат алды. Полиция каза болгондордун арасында мечиттин имамы бар экенин, террорчулар дал ушул адамды бутага алышы мүмкүн экенин билдирди. Бул жардырууга эч ким жоопкерчилик ала элек.

Ооганстанда ушул күндөрү Орозо айтка байланыштуу үч күнгө ок атууну токтотуу режими өкүм сүрүш керек болчу. Бирок буга карабай зордук-зомбулук токтобой жатат. 13-майда өлкөнүн аймагында төрт жерде бомба жарылып, кеминде 11 адам набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости