www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК он жылдан ашык убакыттан бери өлкөгө мөөнөтү өтүп кеткен импорттук тамак-аш азыктарын ташып келип, жасалмалап жана «элиталык» деп сатуу менен алектенген кылмыштуу схеманы аныктап, ага бөгөт койду.
Атайын кызматтан билдиришкендей, «Корзинка 312» ЖЧКсынын негиздөөчүсү З.С.Н. 5-6 жыл бою чет өлкөдөн арзандатылган баада сатып алынган, жок кылынууга тийиш болгон азыктарды алып келип, жаңы жана эксклюзивдүү товар катары тариздеген.
Европадан (соустар, сырлар, деликатестер жана башка) келген бул азыктар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч келтирген. Мөөнөтү өткөн товарлар ири базарларда жана Бишкектеги кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар аркылуу сатылган.
Компаниянын кампаларын тинтүү учурунда мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы жана этикеткаларды бурмалоочу шаймандар табылган.
Натыйжада 27-ноябрда УКМК жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин көзөмөлү менен конфискацияланган мөөнөтү өткөн продукциялардын баары экологиялык коопсуздук эрежелерин сактоо менен жок кылынды. Суюктуктар зыянсыздандырылып, таңгактар жана калдыктар атайын өрттөөчү жайда жок кылынды.