www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Ош ОИИБ ЭММКАКтын кызматкерлери менен биргеликте Ош облусунун аймагында диний кырдаалды көзөмөлдөө, турукташтыруу жана “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 332-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде Ноокат районунун аймагында 2026-жылдын 10-февраль күнү “Хизбут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмунун 11 активдүү мүчөсүнүн жана колдоочуларынын жашап турган турак жайларына тинтүү иш-чараларын жүргүздү.
Тинтүү иш-чараларынын жыйынтыгында, 217 далил буюм алынды. Алардын ичинде: 75 даана китеп; 14 даана уюлдук телефон; 18 даана дептер; 86 даана ДВД диск; 4 даана планшет; 1 ноутбук; 2 сим карта; 14 Орусия Федерациясынын жаранынын паспорту; 1 печать; 1 видеокасета жана 1 Бакай банкынын картасы.
Алынган буюмдар соттук дин таануу экспертизасына жөнөтүлөт жана анын жыйынтыгы боюнча “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун мүчөлөрүнө карата мыйзам чегинде чара көрүлөт.
Ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.