www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 22-майында УКМК ККК, КР Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-ж.т. К.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталган боюнча, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатыда арыздануучудан 2000 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости