www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Мичиган штатында катуу шамал жана суунун деңгээли жогору көтөрүлүп, суу ташкыны болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, суу ташкынынан эки дамба жарылып, бийлик штаттын борбордук бөлүгүндөгү он миң адамды эвакуациялды. Аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Штаттагы шаарлардын бири үч метр тереңдикте суунун астында калышы мүмкүндүгүн губернатор Гретхен Уитмер эскертти. Ошондой эле COVID-19га байланыштуу үйдө отургула деген тыюуларга карабастан жашоочуларды жашаган жеринен чыгып, тезирээк коопсуз жерге көчүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.

Учурда штатта үч убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Уитмер тургундарга аралык сактап, беткап кийип жүрүүнү суранды.

 

Булак: NazarNews.org

Последние новости