www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санкт-Петербургдагы терактты ишке ашырууга шектелген адам Кыргызстанда төрөлгөнү тууралуу кабарды ырастады. Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов "Азаттык" радиосуна төмөнкүчө маалымат берди

- Терактка тиешеси бар экени айтылган жаран Кыргызстанда төрөлгөнү аныкталды, кийинчерээк Орусиянын жарандыгын алган. Учурда Кыргызстан менен Орусиянын атайын кызматтары бул багытта кызматташып, иликтөө жүргүзүп жатат.

Атайын кызмат шектүү тууралуу толук маалымат азырынча берилбей турганын билдирүүдө.

3-апрелде Орусиянын Санкт-Петербург калаасындагы метронун эки станциясында жардыруу болуп, 11 адам каза тапкан. Расмий эмес маалыматтар боюнча бир жардырууну жанкечти ишке ашырган. Экинчиси бомба салынган баштыкты вагонго калтырып кеткен.

Орусия бийлиги муну теракт деп атаган. Маалымат булактары террорчу борбор азиялык экенин жазган. Кээ бир сайттар кыргызстандык экенин кабарлашкан.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости