www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиев менен Ахматбек Келдибековду эл арасында "Садыр Жапаров жөнүндө эмнеге унчукпайт бул экөө"- депталкуу кылгандар көбөйдү. Социалдык тармактарда аты аталган саясатчыны билип да, билбей дагы тепкилеп жатышат.

Алайдын белгилүү уулу, Ахматбек Келдибеков айрымдар айткандай үн катпай олтуруп калбай эле "Жаңы ОРДО" гезитинин кабарчысы Баян Куловага, кеңири маек берген. Белгилүү саясатчы Ахматбек Келдибеков "Садыр Жапаровдун балдарынын токмок жегенин интернеттен көрүп жүрөгүм ооруду. Өзүм мындай нерсе болбойт деп пикиримди билдирдим. Саясатта, жөнөкөй турмушта болобу эч качан үй-бүлөсүнө, тууган уругуна, бала-чакасына тийбеш керек. Эгерде өзү менен сүйлөшө турган иштери барбы өзүн суракка алуу зарыл"- деген пикирин айткан. 

Ал эми "үчилтиктин" бири такталбаган маалыматтарга таянсак Камчыбек Ташиев чет өлкөдө деп уктук. Ташиев, чет жактан келгенде, өмүрү кылдын учунда турган Садыр Жапаров жөнүндө үн катабы же жокпу, жигиттик сөзүн айтабы айтпайбы күтө туралы. 

Эске сала кетсек алгачкылардан болуп, абакта кармалган, Садыр Жапаровдун учурдагы абалына үн каткан Адахан Мадумаров болсо, калдайган калктын артынан ЖК депутат болуп келип олтурган эл өкүлдөрү "лам" деп үн ката элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости