www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Шабданбеков ишкерлер менен жолугушту

Белгилүү болгондой, президент Садыр Жапаровдун койгон тапшырмасына ылайык, 2026-жылдын январь айынан тарта ишкерлерге негизсиз текшерүүлөр токтотулган. 

Мындан улам, аталган саясаттын алкагында 2026-жылдын 16-мартында УКМК төрагасы Ж.Шабданбеков бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

УКМК төрагасы өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү бизнестин туруктуу иштөөсүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана салык базасын калыптандырууга түздөн-түз байланыштуу экенин баса белгиледи. Андыктан, төрага бүгүнкү жолугушуу ишкерлердин пикирин угууга, алардын көйгөйлөрүн талкуулоого ишенимдүү аянтча болоорун кошумчалады. 

«Ак ниеттүү бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети — тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо, андыктан биз силердин ишмердүүлүгүңөргө негизсиз кийлигишүүдөн алыспыз, тескерисинче силерге кандайдыр бир кысуулар болсо, коргоого даярбыз. Болгону ачык жана ак ниет иштеп бериңиздер”— деп билгиледи УКМК төрагасы Ж.Шабданбеков.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер да өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышты. Ошондой эле, ачык диалог үчүн УКМК жетекчилигине ыраазычылык билдирип, аларга карата текшерүүлөрдүн ачык-айкын жүргүзүлүшү зарыл экенин белгилешти жана бизнес коомчулугуна мыйзамдардагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты көбүрөөк жеткирүү сунушун айтышты.

Өз кезегинде Ж.Шабданбеков буга чейин ишкерлерге карата кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана административдик тоскоолдуктары жаралган болсо, баары мыйзам чегинде караларын кошумчалады. Деген менен бизнес-коомчулугу арасында да мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, кылмыштуу схемаларга аралашкандар болсо, алардын жоопкерчилиги тууралуу да эскертти. 

Жыйындын соңунда УКМК төрагасы: «Мамлекет менен бизнестин ортосунда өз ара урматтоо жана өнөктөштүк болгондо гана экономиканын туруктуу өнүгүшү жана өлкөнүн жыргалчылыгы камсыз болот» — деп баса белгилеп, ишкерлерди ак ниет иштөөгө чакырды.

Последние новости