www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасынын кубогу үчүн спартакиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2023-жылдын 7-сентябрда Ысык-Көл облусунда КР УКМКнын бардык облустук башкармалыктарынын жана башка бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин, ошондой эле КР УКМКнын ардагерлеринин катышуусундагы КР УКМКнын төрагасынын кубогу үчүн спорттун командалык түрлөрү боюнча жыл сайын өтүүчү республикалык спартакиада жыйынтыкталды.

Буга чейин маалымдалгандай, иш-чара спорттун беш түрү: волейбол, футбол, баскетбол, шахмат жана стол тенниси боюнча өттү.

Спартакиаданын жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Төраганын кубогу жана байгелер ыйгарылды.

Спартакиаданын жабылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орун басары – УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев, бул иш-чарага катышкандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, кызматкерлердин ыкчам иш-аракеттеринин жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун кепилдиктеринин бири катары спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин дене тарбия деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, тийешелүү тапшырмалар өздүк курамга берилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости