www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жасалма сот чечимдери менен чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун кызматкери 09.07.1977-ж.т. И.Ы.О., Өзгөн райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы 13.03.1981-ж.т. С.Э.О. кылмыштуу макулдашууга кирип, акчалай сыйлык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жогоруда аталган адамдардын туулгандыгынын аныктыгы жөнүндө жасалма сот чечимдерин системалуу түрдө берип турушкан.
Кылмыштардын бирдиктүү реестринин Автоматташтырылган маалыматтык системасына катталган материалдардын, тергөө аракеттеринин натыйжасында 16 чет өлкөлүк жаранды жана жарандыгы жок адамдарды аталган кылмыш схемасын колдонуу менен Кыргыз Республикасынын жарандыгына мыйзамсыз кабыл алуу фактылары аныкталган.
9-июлда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө башкармалыгы тарабынан И.Ы.О. жана С.Э.О.го карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 347-беренелери боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз паспорт берүү” боюнча кылмыш иши козголуп, Ош шаардык соту тарабынан айыпталуучуга карата эки айлык мөөнөткө КР УКМКнын тергөө абагына камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда.