www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева тергөөчүнүн чакыруу кагаздарына баш ийбей, сурак берүү үчүн келбей жатат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

«Ошол эле күнү Калиева жана анын адвокаты тарабынан жазуу түрүндөгү арыз түшүп, жактоочусу бошобой жаткандыктан суракты 4-январга жылдырууну сураган. Ал эми 4-январда адвокаты Калиева ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганын айтып, тергөө органына келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин билдирди. Деген менен Гүлбара Калиева ЖМКлардын бирине берген маегинде аны эч ким суракка чакырбаганын айтып жатат. Мунусу чындыкка дал келбейт», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызмат жүргүзүлүп жаткан тергөө иштери сот органдарындагы коррупция факттарын объективдүү иликтөөгө, ошону менен бирге сот системасындагы кызмат адамдарынын коррупциялык схемаларга тиешеси бар-жогун аныктоого багытталганын эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин 2020-жылы 28-декабрда башкы прокурор Судьялар кеңешинин алдындагы дисциплинардык комиссиясына Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келтиргени айтылган. Өтүнүч «Жергиликтүү сот» автоматташтырылган маалымат системасын иштеп чыгуу жана пайдаланууга берүү учурундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында келтирилген.

Эске салсак, 30-декабрда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Калиеванын өзүнө күбө катары суракка чакырылып жатканы тууралуу чакыруу кагазы берилген. Бирок ошол эле күнү Калиева жана анын жактоочусунан тергөө иштерин 2021-жылдын 4-январына жылдыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз келип түшкөн.

Ал эми 4-январда жактоочу Гүлбара Калиева ден соолугуна байланыштуу медициналык мекемелердин бирине жаткырылып, тергөө органдарына бара албай турганын билдирген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости