www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-октябрда бийликти жок кылуу же башка бирөөнү бийликке алып келүү жөнүндө эч кандай ой болгон эмес. Мындай пикирин экс-депутат Исхак Масалиев билдирди.

«4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдын ала чыккан жыйынтыктарына нааразы болгон эл Ала-Тоо аянтына чыгышты.

Алардын мындай кадамга баруусуна шайлоодо админстративдик ресурс колдонулуп, шайлоонун таза өтпөгөнү болду. Чындыгында, эки гана партия 90 мандат алып калышы бул – калыстык эмес.

Ал жерде азыркы бийликти жок кылуу же башка бирөөнү бийликке алып келүү жөнүндө эч кандай ой болгон эмес. Ошол күнү 13 партиянын өкүлдөрү чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн кол топтогон.

Эгер президент ошол маалда буйрук берип, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, таза чечим чыгарып койгондо балким, кайра жаңы парламенттик шайлоо болмок.

Эң кызыктуусу, ошондо эмнегедир милиция кызматкерлери жөндөн-жөн эле аянттагы балдарды тепкилеп, кандайдыр-бир провокация кылгандай көрүнүп жатат. Алар бир да жаранды кармабай, күч колдонуп кайра кетип калышкан.

Бул атайын жасалган кадамдай сезилип жатат. Анткени алар жаштардын ачуусуна тийип, кыжырын келтириш керек болчу. Ошондо алар Ак үйдү басып алышмак.

Демек, бул алдын ала даярдалган, жазылган сценарий болушу мүмкүн»

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости