www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекетик комитети Журат Абдуллаевден («Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ээси) жалпы 822 миллион сом табылганын маалымдады.
Билдирүүгөэ ылайык, МУКК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Үмүт и К» ЖЧКсынын ээси Ж.Абдуллаевдин иш бөлмөсүнөн кошумча түрдө ар кандай калибрдеги ок-дарылар, салмагы 2,03 граммды түзгөн баңги заты, ошондой эле ири өлчөмдөгү акча сакталган жай табылган, атап айтканда:
1) 7,354,475 АКШ доллары;
2) 209,164,100 сом;
3) 100,960 евро
4) 1,055,900 рубль;
5) 155 дирхам.
"Табылып алынган каражаттардын жалпы суммасы 822 миллион сомго барабар.
Маалыматтарга караганда, учурда «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын КР салык органдарына 10 млн сомдон ашык карызы бар болгон.
Ошону менен бирге, тергөө иш-чаралары алынган курал-жарактар жана ок-дарылар боюнча гана жүргүзүлүп, «Үмүт и Ко» ЖЧКсынын ишкердигине тоскоолдук кылбай турганын белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.
Учурда ишкананын өндүрүшү штаттык режимде иштеп жатат.
Эске салсак, Абдуллаев ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган.
Кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда атайын техника – бронетранспорттук чалгындоо-патрулдук унаа – БРДМ-2 үлгүсүндөгү 7,62 мм калибрлүү Калашников танк автоматы табылган. Мындан тышкары көп сандаган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы) жана травматикалык куралдар табылган.
Булак: NazarNews.kg