www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын подполковниги кармалды

УКМК менен Аскер прокуратурасынын тергөө иштеринин алкагында подполковник С.М. кармалды. Шектүү УКМКнын кызматкери.

Комитеттин басма сөз кызматы 13-июнда билдирген маалымат боюнча, 2025-жылдын февралында чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруучусу тергөөдөгү ишке жардам алуу үчүн шектүүгө 200 миң доллар бергени аныкталган. Бирок ал убадасын аткара алган эмес. Андан кийин арыз ээси шектүүдөн акча каражатын кайтарып берүүнү талап кылган.

Аталган факт боюнча 2025-жылдын 12-июнунда Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Подполковник С.М. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органынан бошотулуп, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Последние новости