www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТИМ Ирандагы кыргызстандыктарга кайрылды

ТИМ Ирандагы кырдаалдан улам кыргыз жарандарын этият болууга чакырды. Кайрылуунун текстин министрликтин маалымат кызматынан таратышты.

"Израиль менен Ирандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Ирандын аймагында жүргөн жарандарды жеке коопсуздук чараларын сактоого жана этият болууга чакырат. Мекендештерге эл көп чогулган жерлерден алыс болуу, жергиликтүү бийликтин билдирүүлөрүнө жана өлкөнүн Ирандагы элчилигинин маалыматтарына кылдат көз салып туруу, өздүгүн тастыктаган документтерди дайыма жанында алып жүрүү, туугандары менен байланышта болуу жана алардын жүргөн жери тууралуу маалымат алып туруу сунушталат", — деп жазылган кайрылууда.

Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жана консулдук жардам алуу үчүн Ирандагы элчиликтин байланыш номерлери: +98 935 250 52 26; +9821 228-303-54;

ТИМдин ыкчам байланыш номери: +996 999 312002.

Эске салсак, түндө Израилдин күчтөрү Иранга абадан сокку урганы кабарланган. Ал эми Тегеран Тель-Авивдин соккуларына катаал жооп кайтарарын, аскерлер 100 пайыз даярдыкта турганын билдирди.

Последние новости