www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы тобунун командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмү боюнча комиссиялык экспертизасынын бүтүмү чыкты. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Кайрат Загибаев маалымдады.
Экинчи экспертиза Үсөнбек Ниязбеков октун алдыңкы бөлүкчөсүнөн (сердечник патрона) каза болгондугун аныктады. “Экспертизанын жыйынтыгы боюнча “Альфанын” командиринин орун басарына ок рикошеттен улам тийген. Тактап айтканда, Ниязбековго толук ок эмес анын алдыңкы бөлүгү кирген. Биздин оюбузча атайын топтун кызматкерине атайылап ок чыгарылган. Ал эми ага бүтүн ок кирбегендигинин себеби, ал кыймыл аракетте болгондугу менен түшүнүп жатабыз”, - дейт адвокат.
Белгилей кетсек, Үсөнбек Ниязбеков 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колго түшүрүү операциясы учурунда окко учуп, каза болгон.
Булак: NazarNews.kg