www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында пилоттук түрдө киргизилген  10 мектепте “Электрондук күндөлүк системасы” иштөөдө. Эми анын жардамы менен ата-энелер балдарынын мектепке келген убагынан тарта сабакка катышуусун, предметтик бааларын жана окуудагы жетишкендиктерине онлайн формат аркылуу маалым болуп турушат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул демилге 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санатиптештирүү” жылынын алкагында өткөн жылдын ноябрь айынан тарта иштей баштаган. Анын алкагында мугалимдер менен ата-энелердин ортосунда маалымат алмашууну ылдамдатуу максаты көздөлгөн.

Окуу процессин электрондоштуруу менен мугалимдердин, окуучулардын жана ата-энелердин мектептердеги билим сапатын жогорулатуудагы жоопкерчилигин бирдей шартта күчөтүлүүсү күтүлүүдө. 

Эске салсак, “Электрондук күндөлүк” системасы пилоттук түрдө өлкөнүн 40 мектебинде иштеп жатат. Алардын катарында Жалал-Абад шаарында жайгашкан 10 мектеп да бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости