www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусу боюнча калкты электрондук түрдө каттоо иштери башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкө аймагында калкты жана турак жай фондун каттоо ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүлөт.
Учурда эл каттого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча шаардагы мекеме, ишканалардын жетекчилеринен турган комиссиянын курамы түзүлүп, алдыга бир топ милдеттер коюлганы маалымдалды.
Белгилей кетсек, эл каттоо 10 жылда бир жолу болуучу республикалык деңгээлде боло турчу иш-чара. Президенттин тапшырмасы менен каттоо электрондук түрдө жүрөт. Ал үчүн 54 миллион сомго планшеттер сатылып алынат. Улуттук статком бул ишти «Инфокомдун» жардамы менен ишке ашырмакчы.
Булак:NazarNews.kg