www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укмуштуу окуялар: "Жан алгыч көпөлөк"

Адам акылына сыйбаган укмуштуу окуялар бир гана бизде эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунда кездешет эмеспи. Эмесе, өз башынан өткөргөн окуяларды баяндаган замандаштарыбыздын айткандарына ортоктош болсок...

—Бул окуя мен үчүн ушул кезге түшүнүксүз бойдон калды. Январь айы. Сыртта 20 градус суук. Ашканада апам, сүйлөшкөн кызым жана мен болуп чай ичип олтурганбыз. Аңгыча эле кайдан-жайдан бөлмөнүн ичинде бир шайтан көпөлөк пайда болду. Анын канаттары сары, кара түстө экен. Көпөлөк ары-бери учту. Күйүп турган жарыкты лампочканы айланды. Анан кокусунан учуп келип мага конду. Бир аз турган соң кайра апама учуп барды. Арадан беш-он мүнөт өткөндөн кийин сүйлөшкөн кызымдын колуна келип конду да, ошол бойдон көздөн кайым болду. Үчөөбүз эмне болуп кеткенине эч түшүнбөй бири-бирибизди карап таң калып туруп калдык.

Дал ошол учурда үйдөгү телефонго бирөөлөр чалышып атамдын каза болгондугун угузушту. Көрсө, атам түндө достору менен бир аз майрамдап, адашып үйдү таппай, сыртта калып тоңуп калган экен. Мен аны укканда дароо эле шашылып шаардагы өлүкканага жөнөдүм. Мага ал жерде иштегендер атамдын сөөгүн көрсөтүштү. Атамды кучактап ыйлап жатып сырткы кийимине сары, кара түстөрдүн шыбалып калганын байкадым. Жакшылап карасам бул жанагы биз көргөн көпөлөктүн шыбандысы экен.

Эмнегедир менде коркуу сезими пайда болду. Бирок ошондо коркконумду, табышмактуу окуяны эч кимге айткан жокмун. Андан бери далай жыл өтсө да бул табышмакты чечмелей албадым. Көпөлөк тууралуу көптөгөн маалыматтарды издесем да мага жооп табылган жок. Бүгүнкү күнгө чейин атамдын жанын дал ошол көпөлөк алып кеттиби деп ойлой берем.

Даярдаган: Нурислам  КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости