www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын полициясы Киевде киши колдуу болгон АКШ жаранынын өлүмүн иликтей баштады.

Полициянын 1-октябрда тараткан маалыматында, башынан жараат алып, оор абалда жаткан аялды Киевдин Шевченко районундагы темир жолдун жанынан табышкан. Аты-жөнү азырынча ачык жарыяланбаган аял ооруканага жеткирилип бир нече убакыттан соң өзүнө келбей каза тапкан. Анын сумкасынан АКШнын элчилигинде эмгектенерин ырастаган документ табылган.

Киевдин полициясы кылмышка шектүү жөнүндө маалымат таратты. Ага ылайык, шектүү бою 1,90-2 метр болгон 30-40 жаштагы эркек болушу мүмкүн.

Америкалык жарандын каза болгонуна байланыштуу АКШнын Украинадагы элчилиги Твиттердеги баракчасына маалымат таратты.

«Биз АКШ элчилигинин Киевдеги коомчулугунун мүчөсү каза болгону жөнүндө кайгыруу менен маалымдайбыз. Учурда элчиликтин тиешелүү кызматкерлери полиция менен кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштеп жатышат», - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости