www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда шайлоо компаниясы кызуу жүрүп жатат. Айрым саясий күчтөр жарышта атаандаштарын буттан чалуу үчүн ар кандай ыплас технологияларды колдонуудан да баш тартпай тургандыгы байкалууда. Мындай кара пиардын курмандыгы көпчүлүк учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясы болуп жатат. Социалдык тармактарда депутаттыкка талапкер Каныбек Нарбаевге болгон карапиар тууралуу өзүнүн пикирин расмий билдирди.

“Урматтуу Кыргызстандыктар, Аксылыктар! Баарыңыздар билгендей азыркы учурда мен Аксы районунда агитациондук иштер менен жүрөм. Күн сайын көптөгөн айыл-аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды уюуштуруу жумуштары менен алекпиз.

Шайлоого аз калды! Партиялар күрөшү жакындаган сайын, кара пиар күч алды. Ар кандай видеолорду тартышып, менин атымды каралагысы келгендер көбөйдү. Мен ошол адамдарга айткым келет, канча караласаңар дагы эл өзү тараза. Мени таанып-билген жердештерим, жасап жүргөн иштериме күбө. Кыргызстандыктарга айтаар элем, туура жолду тандап, туура адамдарды тандаңыздар! Алдыда биздин урпактардын келечеги турат! Каралаган видео, сүрөттөргө ишенбеңиздер! Видеодогу унаа, ата-энемдин кошунасы Муратбеков Алмаз ДЭП органынын начальнигинин унаасы. Ошондой эле, ал киши башка партиядан аттанып жатат. Менин унаамдын маркасы жана номери башка. Айтып кетчү нерсе, мен акыркы 5 жылдан бери жеке ишканада иштейм. Эч кандай мамлекеттик унаам жок. Видеодогу унаанын мага эч кандай тиешеси жок! Кыргыз элим, такталбаган маалыматтарга ишенбеңиздер!” – деп билдирди “Мекеним Кыргызстан” партиясынан депутаттыкка талапкер Каныбек Нарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости