www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина 2023-жылы өтө турган «Евровидение» ыр сынагынын финалына даярдыктарды баштады. Бул тууралуу Владимир Зеленскийдин кеңсесинин жетекчисинин орун басары Кирило Тимошенко өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
«Украина «Евровидение-2023» сынагынын финалына даярдана баштады.
Биз жана Европа телерадиоберүү биримдиги үчүн негизги маселе — коопсуздук. Украинанын Коргоо министрлиги менен Ички иштер министрлиги «Евровидение-2023» сынагына даярдык көрүү иштерине башынан эле интеграцияланган», - деп жазды Тимошенко.
Анын айтымында, коопсуздук жана логистиканын ыңгайлуулугу үчүн бийлик өкүлдөрү иш-чараны өткөрүү үчүн ар кайсы аймактарды караштырууда. Ошол эле учурда ал бийлик иш-чара так кайсыл жерде өтөрүн айта албай турганын билдирди.
Президент Зеленский «Kalush Orchestra» тобун куттуктоосунда келерки жылы сынак Мариуполдо өтүшү үчүн мүмкүн болгон бардык мүмкүнчүлүктөрдү жасоого аракет кылаарын айтты.
Украиналык «Kalush Orchestra» «Stefania» ыры менен «Евровидение-2022» ыр сынагынын жеңүүчүсү болгон.
Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жана калыстар тобунун жалпы жыйынтыгы боюнча Украинанын өкүлдөрү 631 упайга ээ болуп, 466 добушка ээ болгон эң жакынкы атаандашы — Улуу Британиядан чоң айырма менен жеңүүчү аталды. Эрежеге ылайык, келерки жылы сынак Украинада өтүшү керек.
Булак: NazarNews.kg