www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Диндердин өнүгүү тарыхы юоюнча сабак президенттин жарлыгына ылайык 2022-2023-окуу жылында орто мектептерге киргизилет. Бул тууралуу Муратбек Иманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган сабакты тарыхчылар жана теологдор окутат.

"Диндердин өнүгүү тарыхы предмети буга чейин 9-класстарга ылайыкталып жаткан. Президенттин жарлыгынан соң 7-8-9-класстардын окуучуларына киргизүү мерчемделүүдө. 9-класстардын китептери даяр, ага дагы кошумча-алымча жасоо менен басып чыгара берсек болот. Ал эми 7-8-класстарга учурда даярдалып жатат. Адабияттар Мамлекеттик дин комиссиясы менен иштелип чыгууда. Аталган предметти теологдор жана тарыхчылар окутат. Өлкө боюнча теологиялык билимге ээ 1000ден ашуун адис бар экен. Алардын 300дөйү мектепте иштөөгө каалоосун билдирди. Булар стандартка ылайык 72 саат кайра даярдоо курсунан педагогикалык окутуудан өтүшөт. Ал эми тарыхчылар, тескерисинче, диний билимин арттырышат. Ошентип сабактар башталат. Предмет менчигине карабай өлкөдө жайгашкан бардык мектептерге жумасына бир ирет кирет. Сабакта анимизм, фетишизм диндеринен тарта бүгүнкү исламга чейинки тарыхы окутулат", — деди Иманкулов.

Ал келечекте бакалаврды окуган теологдорго магистратурасын педагогикалык багытта улантуу талабы коюларын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын мектептеринде 2022-2023-окуу жылынан тартып диндердин өнүгүү тарыхы предметин киргизүү тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости