www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина: Качкындардын саны 8 миллиондон ашты

Коңшу өлкөлөргө Украинадан 8 миллиондон ашык качкын келген. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгы (БУУ КЖКБ) билдирди.

Анын сайтында жарыяланган маалыматка караганда, 24-февралдан 21-июнга чейин Украинадан чыгып кеткен качкындардын саны 8 007 014кө жеткен, алардын жарымынан көбү (4 146 144 адам) Польшага кеткен.

БУУ 1 миллион 305 миң 18 украин качкыны согуштук аракеттер башталгандан кийин Орусияга келгенин тактоодо. Качкындардын келген саны боюнча үчүнчү орунда Венгрия (814 607 адам), төртүнчү орунда Румыния (691 413 адам) турат.

2021-жылы Украинанын калкы (Крымсыз, бирок Донбасстын бүт аймагы менен) 2022-жылдын 1-январына карата 41 миллион 167,3 миң адамды түздү.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости