www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Пентагондун жашыруун документтери ачыкка чыгып кеткенден кийин "айрым аскердик пландарын" өзгөрттү, деп Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жакын булакка таянып CNN телеканалы билдирди. Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жакын булакка таянып. Бирок телеканалдын материалында “аскердик пландарга” кандай өзгөртүүлөр киргизилгени такталган эмес.

Өткөн аптада социалдык тармактарда АКШнын чалгындоо кызматынын жашыруун документтери пайда болгон. Алгач Украинанын контрчабуул жасоо пландары тууралуу материалдар жарыяланган. Кийинчерээк Кытай жана Жакынкы Чыгыш боюнча документтер да табылган.

Бул боюнча АКШнын Юстиция министрлиги иликтөө баштады. The New York Times гезитинин жазганына караганда, маалыматтын ачыкка чыгышы, АКШ Украинанын өнөктөштөрүн жана жетекчилигин тыңчылык кылган болушу мүмкүндүгүн көрсөттү.

Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк бул маалыматтын ачыкка чыгышын “фотошоп” деп атады.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва АКШ менен НАТОнун жаңжалга түз же кыйыр тиешеси бар экенинен күмөн санабай турганын билдирди.

Рейтер агенттиги америкалык аткаминерлерге шилтеме жасап, Кошмо Штаттары тарап кеткен документтер жасалма болушу мүмкүн экенин жокко чыгарбаганын жазды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости