www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-октябрдын таңынан бери Украинанын аймагы, анын ичинде Киев шаары массалык түрдө ракеталык жана бомбалуу чабуулдарга кабылды, деп билдирди Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов.

Анын айтымында, жарандык инфраструктура жана административдик имараттар жабыркап, карапайым калк арасында курмандыктар бар. Куткаруу кызматтары жеринде. Бир катар ишканалар менен мекемелердин иши токтоп турат.

Элчилик Украинанын аймагында жүргөн кыргызстандыктарга аба сигналдарына кайдыгер болбоону жана көрсөтмөгө ылайык өздөрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн максималдуу чараларды көрүүгө чакырат. Эл көп топтолгон жерлерден алыс болууну жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпоону, коменданттык саатты жана кабыл алган өлкөнүн учурдагы мыйзамдарын так сактоону сунуштайт.

«Украина бийлигинин маалыматы боюнча, ракеталык жана бомба чабуулдарына жана энергетикалык жана башка тиричиликти камсыздоочу объектилердин иштен чыгышына байланыштуу, анын ичинде Киев шаарында электр жарыгын өчүрүү киргизилген. Бекитилген график жакынкы аралыкта калкка жеткирилет», - деди Идирис Кадыркулов.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги кабыл алуучу өлкөдөгү кырдаалга ылайык кадимки режимде ишин улантууда.

Элчиликке консулдук жана башка жардам көрсөтүү максатында байланышты үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Кыргызстандын жарандары консулдук мекемеге катталуусу же өз маалыматтарын жаңыртуусу зарыл.

Сурап ​​билуу телефондору: +38-044-237-03-47.

Украинада жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн ишеним телефону: +38-099-114-83-07 (Вайбер).

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости