www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадан бай адамдар кетип жатат

Украиналык олигархтар чартердик рейс менен чет өлкөгө кетип жатышат. Кечээ, 13-февралда Киев шаарында 20 чартердик аба каттамы катталган. Бул тууралуу «Украинская правда» маалымат агенттиги жазды.

Миллионер Ринат Ахметов менен саясатчы Борис Колесниковдун учактары да Украинадан сыртка чыгып кетти. Бирок Колесников Киевде экенин, учагы Прага шаарына техникалык тейлөөгө учуп кеткенин айтты. Ошондой эле миллионер Игорь Абрамович 50 киши бата турган учак жалдаганы белгилүү болду.

Бул учак менен Абрамович туугандарын жана бизнес-өнөктөштөрүн Вена шаарына чыгарып кетери айтылды. Ринат Ахметовдун учагы кечээ учуп кетсе да, олигарх өзү Украинадан 30-январда эле Цюрих шаарына чыгып кеткен.

Ошол эле күнү бизнесмен Виктор Пинчук да чет өлкөгө учуп кеткен. Бизнесмен, депутат Вадим Новинский Украинадан 10-февралда Мюнхен шаарына учуп кеткен. Ошол эле күнү бизнесмен Александр Ярославский да сыртка чыгып кеткени белгилүү болду.

Бизнесмендер: Андрей Ставницер менен Вадим Нестеренко 13-февралда, Вадим Столар менен Василий Хмельницкий 12-февралда чет өлкөгө чыгып кетишкени айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости