www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын чыгышында өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн 49-өзүнчө аткычтар батальонунун командири, ошондой эле Украина армиясынын «Эркиндик легиону» бөлүгүнүн башчысы Олег Куцин (каймана аты Кум) каза болду. Бул тууралуу Ивано-Франковск шаарынын мэри Руслан Марцинкив, ошондой эле Украинанын мурдагы элдик депутаты Олег Тягнибок билдирди.

Тягнибок Олег Куцин Изюм багытында каза болгонун тактады. «Изюм багытында Украина үчүн болгон күрөштө «Эркиндик легионунун» негиздөөчүсү жана көп жылдан берки жетекчиси, «Карпатская Сечь» батальонунун (Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн 49-өзүнчө аткычтар батальону) командири Олег Куцин (Кум) каза болду», - деп Олег Тягнибок «Фейсбукка» жазды.

«Чыгыш фронтто эң таасирдүү командирлердин бири — Олег Куцин каза болду», - деп жазган Марцинкив.

«Карпатская Сечь» 2014-жылы элдик коргонуу уюму түрүндө түзүлгөн. «Прямой» телеканалы ботальондун аскерлери Донецк аэропортунун жанындагы салгылашууларга катышканын белгилейт. Украинадагы орусиялык аскердик операцияларды жүргүзүүдө «Карпатская Сечь» Киевде, Ирпень, Романовка, Стоянка конуштарында тапшырмаларды аткарган, деп жазат УНИАН. Кийинчерээк ал Изюм багытына которулган.

19-майда «Карпатская Сечь» Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн курамына Кургактагы аскерлердин 49-өзүнчө жөө аскер батальону катары кирген. Куцин ошондой эле «Свобода» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Закарпатский партиялык уюмунун жетекчиси болгон, деп билдирет «Эспрессо» телеканалы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости