www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада өлкөнүн мурдагы президенти Пётр Порошенкого каршы "Мыйзамсыз буйрук берүү" боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Украинанын мамлекеттик тергөө бюросунун экинчи бөлүмүнүн башчысы Вадим Приймачок билдиргенин өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Приймачоктун билдиришинче, Порошенко тышкы чалгындоо кызматынын башчысын Сергей Семочкону өзүнүн орун басарлыгына дайындоого мажбурлаган деп шектелүүдө. Ал кошумчалагандай тергөөчүлөр азыркы учурда Порошенконун баш коргоо чарасын карап жатышат жана бул иш Киев шаарынын Печерский райондук сотуна өткөрүлүп берилет.

Эске сала кетсек, Пётр Порошенко 2014-жылдын 7-июнунан 2019-жылдын 20-майына чейин Украинаны башкарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости