www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки партиянын – “Ата Мекендин” жана “Акшумкардын” бириккени көрсөтүлгөн сюжет үчүн КТРКнын эфирине кассирге 176 миң сом төлөнгөн. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, бул акчаны алган каналдын лидерлери саясатчыларга кеңири маалымат кечки жаңылыктарда чыгат деп ишендиришкен. "Бирок материал көрсөтүлгөн эмес", - деди Жанар Акаев.

“Мен БШК менен байланышсам ага укугубуз бар экен. Эгер сиздер башка партия жөнүндө ролик көрсөтсөңүздөр, анда мен каналдын жетекчилеринин баарын кызматтан кетишин талап кылам. Сиздерди полду сырдап, терезелерди жалтыратуу үчүн алып келген эмес. Силердин убагыңарда эч нерсе өзгөрбөдү. Силердин бул заманыңар 1-2 жылдык. Андан кийин баары өзгөрөт”, -деп зекиген Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости