www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Укрэнерго" улуттук компаниясы Украинанын энергетикалык системасы керектөөнүн 50 пайыздан ашыгын жоготкондугуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын РИА Новости "Страна.ua". ресурсуна таянып билдирди.

"Бирдиктүү энергетикалык системада керектөөнүн 50 пайыздан ашык жоготуу болду. Бул авариялык системадан кабар берет", — деп айтылган маалыматта.

Жума күнү жалпы Украина боюнча абадан коопсуздук кабарын жарыялашты. Өлкөдө энергетикалык объектилердин инфраструктурасынын зыянга учурашынан улам электр кубатын авариялык тартипте тез арада өчүрүлгөнү айтылды. Киевдин мэри Виталий Кличко борбордун бир катар райондорунда жарылуулар болгондугун, электр кубаты өчө баштагандыгын айтты.

Харьков таптакыр эле ресурсу жок калган. Жылытуу системасы Кременчугда өчсө, Полтовада электр кубаты үзүлгөн. Днепропетровскиде эки ирет ири жарылуу болгонун айтышты. Жергиликтүү ЖМКлар Кривой Рог, Запорожье, Винница, Кировоград жана Тернополь облустарында да жардыруулар жаңырганын жазышты.

Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын аскердик башкаруу тутумунун объектилерине, коргонуу комплекстерине жана ага байланыштуу энергетикалык инфраструктурага октябрдын башында ракеталык сокку ура баштаган. Бул Крым көпүрөсүнө жасалган теракт жана Россиянын жарандык объектилерине жасалган кол салууга берилген жооп болгон. Москванын билдиргенине караганда, бул иштердин артында Украинанын атайын кызматтары турат.

Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль өлкөнүн энергетикалык системасынын жарымы иштен чыккандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости